Жаңылыктар
Бардык министрликтер, өкмөттүк мекемелер ишин жандантып, өз кызматтарына кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Бардык министрликтер, өкмөттүк мекемелер ишин жандантып, өз кызматтарына кайтты

8-октябрда кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчылары менен онлайн жыйын өтүп, аны вице-премьер-министр Эркин Асрандиев алып барды. 

Жыйында бардык кыйынчылыктарга карабай мамлекеттик органдар ишин улантары, бардык жетекчилер, кызматкерлер ырааттуу иштеши жана жумуш ордун таштап кетпеши керек экендиги белгиленди. Бул коронавирус коркунучу, тышкы карызды төлөө, кышка даярдык өңдүү өкмөт колго алчу маселелер менен байланыштырылды. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 7-октябрдан тартып бардык министрликтер, өкмөттүк мекемелер ишин жандантты. 7-8-октябрь күндөрү айрым министрлер, алардын орун басарлары, шаар мэрлери, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү да кайра өз кызматтарына кайтты. 

6-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгүнүн катышуусунда жыйын өтүп, анда премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын көрсөтүп, ордуна Садыр Жапаровдун талапкердиги сунушталган.