Чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды айткан дагы, аны тараткан дагы жарандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөт. Мындай өңүттөгү ар бир билдирүү Кылмыштардын жана Жоруктардын реестрине катталып, эртеби кечпи сөзсүз жоопкерчиликке тартылат. Бул туурасында Ош облусттук ИИББнин маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев биздин каналга билдирди.
Аширбаев, күч кызматкерлери 2-октябрдан бери эле күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткандыгын, ар бир милиция бөлүмдөрүндө мобилдүү топ уюшулганын жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүп жатканын маалымдады. Ал эми, Ош шаардык мэриясы менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн административдик курамы штаттык режимде толук кандуу иш алып барууда. Бүгүн эртең менен шаардын борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, президент Сооронбай Жээнбековду колдоо штабы түзүлдү. Стратегиялык социалдык мекемелер күч кызматкерлеринин коргоосунда турат.
"Милиция кызматкерлери кызматтык милдетин күчөтүлгөн ноомоттө алып барууда. Бардык аймак көзөмөлдө турат. учурдан пайдаланып, жалпы Ош шаарынын жана облустун тургундарына кайрылып кетээр элем, ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенбегиле, алардын сөзсүз жоопкерчилиги каралат",- деди Ош облустук ИИББнин маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев.