Жаңылыктар
ИИМ кырдаалды туруксуздаштырып, улуттук жана аймактык маселелерди козгогоо жол бербейт
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ кырдаалды туруксуздаштырып, улуттук жана аймактык маселелерди козгогоо жол бербейт

Ар кандай саясий күчтөргө өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырып, улуттук жана аймактык маселелерди козгогоо жол берилбейт. Бул тууралуу Ички Иштер министринин кызматын убактылуу аткаруучу Курсан Асанов брифинг учурунда билдирди. 

Ал өз сөзүндө “Мен азыр фамилияларын айтпайм, бирок биз чагымчыл тараптар өз кызыкчылыктары үчүн улуттук жана аймактык маселелерди колдонуп кетүүсүнө жол бербейбиз. Мен генерал катары мындай кадамдарга катуу чаралар көрүлөт деп кепилдик берем” деди. 

Ошондой эле Асанов учурда өлкөдө абал курч бирок туруктуу экенин кошумчалады. Курсан Асанов 6-октябрь күнү Бишикектин коменданты жана Ички иштер министринин кызматын убактылуу аткаруучу кызматына киришкен.