Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында түшкө чейин көп санда топтолгон адам көрүнгөн жок. Болгону бийликке жаңы жүздөр келсин деген талаптарын айткан 20 чакты адам чогулуп турат.
Коомдук унаалар үзгүлтүксүз каттап, шаарда абал тынч. Борбордук аянтты “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери толугу менен иретке келтирип, жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми эски аянтта, өкмөт үйүнүн алдында беш жүздүн айланасында адам жыйналып турат.
Эл алдына чыгып сүйлөгөн киши байкалбайт. Алар өлкөнүн стабилдүүлүгүн, тынчтыкты жана учурдагы абалдын турукташып калыбына келишин каалап жатканын билдиришти. Түн Бишкекте тынч өттү. Калааны миңдеген элдик кошуундун мүчөлөрү кайтарып, абал оорлошкон жок.