Жаңылыктар
Казакстан: вирустан каза болгондорго кенемте төлөөдөгү тоскоолдуктар сындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстан: вирустан каза болгондорго кенемте төлөөдөгү тоскоолдуктар сындалды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаев коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды сындады. Мындай пикирин коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы пандемиянын экинчи толкунуна даярдык маселесин талкуулаган жыйында билдирди. 

Анын айтымында анын тапшырмасы боюнча экинчи жарым жылдыкта 150 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Бирок үстөк акы жана камсыздандыруу төлөмдөрүн алууда ушул кезге чейин бюрократиялык тоскоолдуктар болуп жатат. Токаевдин пикиринде кээ бир жерлерде кызматкерлер “сан менен ойноп”, үстөк акы бөлүштүрүү иштерин ачык жүрүзүшкөн эмес. Айрым башкы дарыгерлер медицина кызматкерлеринин жумуш убактысын туура эмес эсептеген. 30-сентябрга карата алынган маалымат боюнча Казакстанда 182 медицина кызматкери коронавирустан кайтыш болгон. 

Токаев алардын ичинен 37сине гана кенемте төлөнгөнүн билдирди. Токаев жумуш маалында илдет жуктуруп алган медиктерге компенсация кыска аралыкта төлөнүп берилиши керек экенин эскертти. Мыйзам боюнча илдетти иш учурунда жуктурганын далилдей алган медиктерге гана компенсация төлөнөт. Коронавирустан өлгөн медицина кызматкеринин үйбүлөсүнө 10 миллион теңге, башкача айтканда 23 миң доллардан ашык акча илдетти жуктуруп алган кызматкерге төлөнөрү айтылган.