Жаңылыктар
"Манас" эл аралык аэропорту өз нугунда иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
"Манас" эл аралык аэропорту өз нугунда иштөөдө

“Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашуун кызматкери кайтарууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Авиациянын кызматкерлери өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу тартипти сактоого чыгышты. “Эң башкы милдет - аба транспортунун жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу дешет. Ишкана штаттык режимде иштеп жаткандыгын белгилейбиз. "Манас" жана "Ош" аэропортторундагы бардык эл аралык жана ички каттамдар ырааттама боюнча аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.