Улуттук Банк калкты банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү менен камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына 8-октябрдан тарта кайрадан иштеп баштоосун сунуштады.
Улуттук банк эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды өз убагында алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле калкты накталай акча менен камсыз кылуу максатында, өлкөдөгү кырдаалда байланыштуу финансылык уюмдарга саат 09:00дөн тарта 15:00гө чейин иштөөсүн сунуш кылды. "Финансылык уюмдар калкка банктык кызматтардын негизги түрлөрүн көрсөтүү ишин улантат.
Ошондой эле төлөмдөрдү жана которуу операцияларын улуттук төлөм системалары боюнча гана жүргүзөт. Накталай эмес төлөмдөрдү жана акча которууларды өлкө ичинде жүргүзүүдө, онлайн кызмат көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле банкоматтардын, POS-терминалдар менен төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт", - деп билдиришти Улуттук Банктан.