Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Ага 40га жакын депутат катышкан. Маалыматка караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок.
Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын катышуучулары бир пикирге келе алышкан эмес. Депутат Рыскелди Момбеков айрым депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн, кээ бирлери коркуп жыйынга келбей жатканын билдирди.
Ал эми 6-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев жыйындан кийин жакын арада парламент жыйнга чогулуп, өлкөдө кырдаал жөнгө салына турганын маалымдады. Белгилей кетсенк, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдерди легитимсиз деп баалашууда.