Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялар терең тынчсыздандырарын билдирди.
Министрлик абал курчуп кетпей, шайлоого байланыштуу бардык пикир келишпестиктер Конституциянын алкагында, коомдун жарашуусу менен жөнгө салынышын каалаарын билдирди. “Биз Кыргызстан мындай маселелерди акыл токтотуп жөнгө салыш үчүн саясий жактан жетилгендигин көрсөтөрүнөн жана эл тилектештигин билдиреринен күмөн санабайбыз.
Биз дос жана боордош кыргыз эли жана өлкөдөгү бардык саясий топтор бирге иш алып барып, мындай сезимтал мезгилде Кыргызстандын тынчтыгы жана өнүгүшү үчүн тилектештигин көрсөтөт деп ишенебиз», деп айтылат билдирүүдө.