Учурда борбор калаада дагы деле абал тынчый элек. Ушул тапта Бишкектин ар кайсы жеринде митингдер уланууда. Жагдайды жөнгө салуу үчүн элдик кошуундардын топтору митингчилерге көз салып жатышат.
Белгилей кетсек, ыктыярдуу топ бир дагы саясий партиянын кызыкчылыгын коргобой тургандыгын билдирди. Алардын максаты - шаарды талап-тоноодон коргоо жана элди биримдикке чакыруу. Мындай кошуундарды колдогон шаар тургундары ысык-тамак менен камсыздап жатышат.