Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев депутаттардын тобу менен жолугушту. Бүгүн бул сыяктуу бир катар жолугушуулар, жыйындар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, талап-тонолгондуктан, депутаттардын жана спикердин туруктуу иш орду жок. Жолугушуулардын бардыгы ар кайсы жерлерде өтүп, убактылары да так болбогондуктан маалымат каражаттарын чакырууга мүмкүн болбой жатат, - деп билдирди пардаменттин басма сөз кызматы. Консультациялар тез арада натыйжа берип, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү чечилсе кошумча кабарланаары маалымдалды.