Шаар бийлиги алдыдагы түнгө даярданып, талап-тоноо жана каракчылык аракеттерин алдын алууну ниеттенүүдө. Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун айтымында, жаман оюу болгон мародерлорго карата катуу чара көрүлөт.
"Мен милицияга жана элдик кошуундарга талап-тоноочулукту көздөгөндөргө карата катуу чара көрүүгө чакырам", - деди Алымкулов. Муниципалитеттин кызматкерлери талап-тоноо аракеттери болорун жокко чыгарышпайт.