Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча пикир алышты. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Ага ылайык, алар казак-өзбек мамилесинен сырткары аймактагы окуялар боюнча пикир алмашкан. Анда коңшу өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстандагы кырдаал Конституциянын негизинде тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришкен.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.