Жаңылыктар
Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Мындай маалыматты Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктады. 

Анын айтымында, учурда Матраимов Өзбекстанда жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт. Аны менен кошо бир нече жакын тууганы болгону кабарланууда. Маалыматтарда алар кыргыз-өзбек чек арасынан колго түшкөн. Тилек Матраимов сегиз жылдан бери өлкөдөгү ири райондордун бири Кара-Суунун акимдигин аркалап келген. 

Ал парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси. Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган "Мекеним Кыргызстан" партиясын Матраимовдор алып чыккан. Добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузууларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.