Жаңылыктар
"Элдик кошуундун” жана КТРКнын жалпы жамаатынын чечими
Кыргызстан жаңылыктары
"Элдик  кошуундун” жана КТРКнын жалпы жамаатынын чечими

Бүгүн, 7-октябрь 2020-жылы КТРКнын жалпы жамааты - миңге чукул кызматкер, жыйын өткөрүп өлкөдө жана Корпорацияда түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. 6-октябрдан тартып КТРКны бир нече жолу саясий партиялар тарабынан күч колдонуу менен басып алуу аракети көрүлгөндүгү бардыгына маалым болгон.

“Биз - КТРКнын кызматкерлери Корпорациянын ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпоо аракетин көрүшүбүз керек жана материалдык-техникалык каражаттарды сактап калуу зарыл” деген негизги тыянакка келишип, Корпорациянын Профсоюз уюму жана жалпы жамааты жоопкерчиликти “өз мойнуна” алып кийинки чечимдерге келди:

Башкы директор Жайнак Үсөн уулунун өз каалоосу менен кеткендигине байланыштуу, жана абал менен пайдаланып ар кайсы саясий партиялар кысым көрсөтүп, өздөрүнүн адамын Башкы директорлук кызмат ордун басып алуу аракети көрүлүп жаткандыгына байланыштуу, Мамлекеттик башкаруудагы абал түздөлүп, тийиштүү мамлекеттик органдары укуктук талаага киргенче КТРКнын Башкы директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Мирлан Самыйкожо дайындалсын;

6-октябрда “Элдик кошуундун”  өкүлдөрү КТРКнын алдына келип төмөнкүлөрдү баса белгиледи: 

“КТРКнын Байкоочу Кеңеши 6-октябрда шашылыш жыйынга чогулуп, КТРКнын Башкы директорун дайындоого чечим кабыл алуусунда, мыйзамдуу орун басары Ж.Уракунованын талапкерлигин  2 добуш менен колдобой ошол эле учурда Байкоочу кеңештин мүчөсү Ж.Бакашовага 6 добуш берип, БКнын регламентинде көрсөтүлгөндөй, добуштардын 2/3 үлүшүн албай туруп, башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындалышы жана саясий партиялардын басымынын алдында көрсөткөн талапкерин четтетүүдөн коркуп, ал талапкерди “Ала-Тоо24” телеканалынын продюсерлигине көрсөткөндүгү туура эмес чечим болгон.

Себеби, саясий партиядан келген талапкер Чынара Капарова маалыматты чагылдыруучу негизги “Ала-Тоо24” каналына жетекчи болуп барса, ошол саясий партиянын кызыкчылыгын чагылдырууга аракеттенмек. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ушул чоң катачылыкты эске алган эмес. Учурда элдин көксөгөнү ар түрлүү партиялардын ар кандай кызмат талашына эмес, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, элдин тынчтыгына муктаж болуп турат. Ошондой эле, КР-дин Президенти, ЖК депутаттары элдин ишениминен кетип турган маалда, Байкоочу кеңештин курамы жарандык коомдон сунушталган өкүлдөрүнөн сырткары Президенттин 5, Парламентттин 5 кишисинен тургандыктан улам, “Элдик кошуундун” өкүлдөрү “Байкоочу Кеңештин кетүүсүн талап кылат”.

“Элдик кошуундун” бул талабын КТРКнын жалпы жамааты толугу менен колдоп, Байкоочу кеңештин ишмердүүлүгү жыйынтыксыз экендигин эске алуу менен тийиштүү бийлик бутактарына КТРКнын Байкоочу кеңешин жоюу талабын колдоп берүүсүн өтүнгөн кайрылуусун жолдойт.