Жаңылыктар
Москвадагы кыргыз диаспорасы мекендештерге кайрылуу жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы кыргыз диаспорасы мекендештерге кайрылуу жасады

Москвадагы кыргыз диаспорасы мекендештерге кайрылуу жасады. Алар кыргыз элин биримдикке чакырууда. Россиянын Тышкы иштер министрлиги дагы өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга карата ойлору менен бөлүштү. 

Адилет Ормонгазиев ыктыярчы болуп, түрдүү иш-чараларга активдүү катышып жүрөт. Коронавирус пандемиясы учурунда ал башка камкор мекендештер менен бирге каражат топтоп, дары-дармектерди сатып алып, Кыргызстанга жиберип турушкан. Ал биринчи кезекте өлкө жөнүндө, эл жөнүндө ойлогон, ыплас иштер менен колун булгабаган адамдар бийликке келиши керек - деп эсептейт.