Жаңылыктар
Максаты бир, талаптары ар башка митингдер
Кыргызстан жаңылыктары
Максаты бир, талаптары ар башка митингдер

Бишкек шаарында бүгүн дагы митинг уланды. Чогулгандардын башкы талабы - бийликке жаштарды алып келүү. Бирок борбордук аянтка жыйналган көпчүлүк бир нече топко бөлүнүп, ар кимиси ар кандай талаптарын айтып чыкты. 

Бүгүн жоон топ эл кайрадан митингге чогулду. Анда көптөгөн маселе талкууланды. Чогулган көпчүлүктүн бир бөлүгү 6-чакырылыштын депутаттары Мыктыбек Абдылдаевди спикер жана өкмөт башчы Садыр Жапаров кылып шайлаган жыйынды мыйзамсыз деп чыгышты.