Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов учурда өлкөдө болуп жаткан оор жагдайга байланыштуу элге, анын ичинде жаштарга, саясий күчтөргө кайрылуу жасады.
Азыр өлкө чоң сыноонун, башаламандык менен жарандык бөлүнүп-жарылуу коркунучунда турарын айтып, элди ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакырды.
“Эгерде биз башаламандыкка алдырсак, түрдүү күчтөр кошулуп отуруп бөлүнүүнү, дестабилизацияны күчөткөн түрдүү элементтер пайда болот. Анткени бул нерсе - геосаясий фактор. Дал ушул учурда бизди жасалма жол менен манипуляциялап, көп улуттуу Кыргызстаныбызды ар кандай регионалдык, этникалык жана диний жактан бөлүп-жарууга жол ачкан чоң коркунуч турат. Андыктан ар бирибиз мамлекеттин келечеги үчүн жоопкербиз"- деп билдирди Кадыр Маликов.