Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында митинг уланууда. Нааразылык акциясына келгендер ар кандай талаптарды коюшууда.
Алгач чогулгандар Садыр Жапаровдун убактылуу өкмөт башчы болушуна каршылыктарын билдирип чыгышты. Ага «Реформа» саясий партиясынын, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган бир нече саясий топ катышты. Митингде сөз сүйлөгөндөр «өкмөт башчылыкка таза, адилет, ачык-айкын иштей турган жаш лидерлер келсин» деп талап кылышууда.
"Бардык саясий тараптарды чакырып, кеңешип иш кылышсын. Жең ичинен сүйлөшпөй, ачык-айкын аракеттерди жасашсын",- деген пикирлер айтылууда. Ал ортодо люстрацияны талап кылган жаштар Өкмөт үйүнүн алдына келип, Тилек Токтогазиевди тарапташтары Өкмөт үйүнө алып кирүүгө аракет кылышты.