Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматы ишмердигин жарым жартылай токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик каттоо кызматы ишмердигин жарым жартылай токтотту

Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердигин жарым жартылай токтотуп жатканын билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлору, жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт берүү жана калкты каттоо, унаа каражаттарын каттоо бөлүмдөрү, архивдер бүгүн иштебейт. 

"Каттоо кызматынын калктын жеке маалыматтары сакталган маалыматтык базаларын коргоо боюнча иштер уюштурулду. Каттоо кызматынын жетекчилиги жана эмгек жамааты кадимки тартипте иштеп жатат. Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунда даяр паспортторду берүү бөлүмдөрү иштөөдө. Каттоо кызматынын бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишинин кайра жанданышы тууралуу маалымат кошумча берилет", - деп айтылат билдирүүдө. 

Маалымат алуу үчүн Каттоо кызматынын 119 номерине колл-борборуна кайрылууга болот.