Жаңылыктар
БУУ Кыргызстандагы коомдук-саясий абалга жакындан байкоо салууда
Кыргызстан жаңылыктары
БУУ Кыргызстандагы коомдук-саясий абалга жакындан байкоо салууда

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абалга жакындан байкоо салып турат, - деп кабарлайт БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

"4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин орун алган протесттерден улам бир адам каза таап, жүздөн ашуун адам жаракат алды деп кабарланууда. Баш катчы адам өмүрү үзүлгөн учур боюнча кайгыруусун билдирип, бардык тараптарды болушунча токтоолукка жана зомбулуктан алыс болууга чакырды. Башкы катчы бардык тийиштүү тараптарды диалогго катышып, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгуу боюнча мунасага келсе дейт. Бириккен Улуттар Уюму учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгуу боюнча бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде БУУнун Борбор Азиядагы аймактык борбору аркылуу жардам берүүгө даяр турат", - деп билдирет БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик.