Жаңылыктар
Кремль Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу комментарий берди
Кыргызстан жаңылыктары
Кремль Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу комментарий берди

Орусиянын Президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу комментарий берди. 

Ал шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясий каатчылык чукул арада конституциялык талаанын алкагында жөнгө салынат деп үмүттөнөрүн айтты: 

"Биз албетте тынчсызданып жатабыз жана Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр конституциялык алкактан чыкпай, эркин көрсөтүп, тез аранын ичинде бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз",- деди ал. 

Песков ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу өлкөдөгү жарандардын ички саясий диалогунан көз каранды экенин белгиледи.