Бишкек шаарында абал тынч. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Шаардык милиция шаарда коопсуздукту кароого жардам берген жарандарга ыраазычылык билдирди.
"Коомдук коопсуздукту жана жеке менчик, мамлекеттик мүлктү коргоону камсыз кылууга жардам берген элдик кошуундардын катарында турган жарандарга ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө.
«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү шыпырып, таштандыларды тазалоодо. Коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. 5-октябрда башталган митинг түндө да токтобой, белгисиз адамдар тобу бир катар көчөлөргө чейин басып жүрүштү.
Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү алардын кадамын көзөмөлдөп, талап-тоноочулук болбогонун шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардан түзүлгөн координациялык кеңештен билдиришти. Тооночулуктун алдын алуу максатында элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир бирөөнүн киришине жол берген жок.