Мурда саясий себептерден улам келе албай чет өлкөдө жүргөн саясатчы, экс-мэр Мелис Мырзакматов Ошко келди.
Мырзакматовду миңдеген колдоочулары борбордук аянттан тосуп алды. Мырзакматов, аянттагы элге кайрылуу жасап, жалпы кыргызстандыктарды өлкөнүн бүтүндүгүн, ынтымагын сактоого жана баш аламандык менен талап тоноочулукка жол бербөөгө чакырды.