Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карай ооруканага кайрылгандардын саны 768 адамга жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карай ооруканага кайрылгандардын саны 768 адамга жетти

7-октябрга карата Бишкектеги медициналык мекемелерге кайрылгандардын саны 768 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кайрылгандардын 550сү алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. 

Дагы ар кандай жараат алган 218 жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Азыркы тапта алардын жетөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Белгилей кетсек, 6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин митинги массалык башаламандыкка чейин жетип, милиция менен митингчилер кагылышкан. Анда катуу жараат алган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган.