Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин Башкы прокуратурага сотко чейинки өндүрүшкө жөнөттү. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ Жогорку сот өзүнүн чечими менен Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун, Жогорку соттун 2019-жылдан баштап жаңы жагдайларды кароо боюнча чечимин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөттү.
Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алгандыгы үчүн 2018-жылы 11,5 жылга кесилген. Күн мурун тагыраагы, бешинен 6-октябрга караган түнү нааразычылык митингине чыккандар тарабынан абактан бошотулган. Кийинчээрек, Жогорку Кеңештин депутаттарынын "Достук" мейманканасында өткөн кезексиз жыйынында Жапаров өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп шайланган.