Талап-тоноодон сактоо максатында өткөн түндө Бишкекте элдик кошуундар түзүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздашты. Кыймылды жөнгө салуу максатында Telegramда #BizdinBishkek чаты түзүлдү.
Социалдык тармактагы бул дарекке элдик кошуундун катарына кошулам дегендер кайрылып, аты-жөнүн, телефону менен районун жазып калтырышууда. Чат кечээ түзүлүп, 2,5 миң колдонуучу катталган.
Жарандар элдик кошуундун катарына кошулуп жатышат жана шаарды талап-тоноочулардан коргоого чыга турганын билдирип жатышат.
Учурда 1500дөн ашык адам элдик кошуундун тобуна жазылды. Бул тууралуу Бишкектеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн Координациялык кеңештен билдиришти. Аталган кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев элдик кошуун, демилгелүү топтор, жарандык активисттер, жаштар уюмдары менен биргеликте коомдук тартипти сактап, мародерлукка жол бербөө үчүн шаардыктарга кайрылуу жасады.
"Бишкек шаарынын жарандарын жана активисттерин провокацияга алдырбоого чакырабыз. Учурда шаарда 1500ден ашык элдик кошуундун күчү менен максималдуу түрдө тартип сактоо аракети жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.