Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү Конституциянын алкагында иш алып барууга жана карама-каршылыктарды тынч жол менен чечүүгө чакырат.
Уюм мындай мазмундагы билдирүүсүн 6-октябрда таратты. Анда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныганы эске алынып, өлкөдө ачык-айкын шайлоо өтүшү зарыл экени белгиленген.
“Биз Кыргызстандын эл аралык убадаларына жана жарандарынын демократиялык укуктарына төп келген, ишеним жараткан, ачык-айкын жана бардык тарапты камтыган жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн күтөбүз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Европа Биримдиги Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолун өлкө эгемендик алгандан бери колдоп келгенин, өлкөнүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү уланта берери белгиленген.