Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызы менен кызматын тапшырды. Тагаевдин кызматтан алуу боюнча маселени талкулоого шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си катышты. Кеңештин чечими менен убактылуу мэр болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды.
Орозбаев буга чейин вице-мэр болуп иштеп келген. Милдетин аткаруучу болуп жаңы мэр дайындалган кийин чогулган эл тарап кетти. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына адамдар тобу 6-октябрга карган түнү түнкү саат 3төрдө чогулган. Алар шаар бийлигин элге тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү талап кылып чыгышкан.