Учурдагы кырдаалга байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына бүгүн өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.
Мындай сунуш өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында киргизилди. Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу финансылык уюмдарга кайрылса болот.
Белгилей кетсек, 5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык митинги башталып, азыркы тапта да уланып жатат.