Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого 16 партия катышкан.
Боршайкомдун алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүшкөн.
Буга байланыштуу Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык митинги башталган. Кечээ башталган митинг дагы деле уланууда. Жогорку кеңештин депутаттары жана президенттик администрация отурган ак үй азыр толугу менен жарандардын карамагында.