Учурда өлкөдө Координациялык кеңеш түзүлүп, Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, СДПК партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Координациялык кеңештин курамы СДПК, "Республика", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол" жана "Замандаш" партияларынын өкүлдөрүнөн түзүлдү. Алар жакын арада басма сөз жыйынын өткөрүшөт.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтында оппозициялык күчтөрдүн каршылык акциясы жүргөн. Чогулган адамдар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңда митигчилер Ак үйдү басып алышкан. Андан соң, алар айрым саясатчыларды, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бошотушту.