Жаңылыктар
Садыр Жапаров чогулган элди тынчтыкка үндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров чогулган элди тынчтыкка үндөдү

Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында кайрадан эл алдына чыгып, чогулгандарды тынчтыкка үндөдү. Ал коомдук тартиптип калыбына келтирип, талап тоноочулук орун алып кетпеси үчүн жапа тырмак аракет кылышыбыз керек деп билдирди. 

Айтымында, анын жетекчилиги астында активисттерден турган координациялык топ түзүлүүдө, алар ыктыярчылар менен бирге өлкөдөгү абалга көзөмөл жүргүзмөкчү. Эске салсак, Садыр Жапаровдун тарапташтары Мекенчил саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан болчу. Садыр Жапаров өзү болсо 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү абактан бошотулду.