Ош шаардык кеңешинин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, Таалайбек Сарыбашовдун Ош шаарынын мэри кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды.
Шаардык кеңештин депутаттары парламенттик шайлоодо мыйзамсыз аракеттерге жол берилип, администртивдик ресурсту колдонуу орун алганын белгилешти. Ошол эле учурда айрым эл өкүлдөрү тынчтык митингинин катышуучуларына тартип бузууга жол бербөөгө чакырды.
Шаар мэрин кызматтан бошотуу боюнча маселе жабык талкууланып, 45 депутаттын 31и мэрдин иштөөсүнө каршы добуш берди. Токтом борбордук аянтта турган тынчтык митингинин катышуучуларынын алдында тааныштырылды.