Жаңылыктар
Түнү менен жаракат алгандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Түнү менен жаракат алгандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө

Акыркы суткада Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 500дөн ашык адам кайрылды. Учурда 200гө жакын адам стационардык дарыланууда. Түнү менен денесинен жаракат алгандардын баарына толук медициналык жардамдар көрсөтүлдү. Учурда дагы деле ооруканага келгендер көп.

Учурда ооруканада 188 адам стационардык дарыланууда жатат. Алардын жарымынан көбү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. 100гө жакын адамга түнкүсүн операция жасалса алардын бешөө оор абалда. 

Кечки саат сегизден кийин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна денесинен жаракат алгандар кайрыла баштаган. Алар саат сайын көбөйгөндүктөн ооруканын дарыгерлери толук курамда күчөтүлгөн нөөмөттө иштеп келгендердин баарына чукул арада медициналык жардам көрсөтүлдү.

Түнкүсүн келгендердин баарына ооруканада болгон запастагы дары дармектер, жаракат таңган керектүү медициналык каражаттар менен жардам көрсөтүлдү. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү хирургиялык жол менен дарылангандыктан аларга медициналык каражаттар көп керек.

Ооруканага келгендердин көпчүлүгү 35 жашка чейинки жаш жигиттер. Алар кечинде аянтта жүрүп денесинен ар кайсы жерине жаракат алышкан. Денесинен жаракат алгандар травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан сырткары улуттук хирургия борборуна жана Чүй облустук ооруканасына жеткирилди. Учурда бардык жабыркаган жарандарга убагында медициналык жардамдар бекер көрсөтүлүп жатат.