Жаңылыктар
Ош шаарынын борбордук аянтында эки тынчтык митинги өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын борбордук аянтында эки тынчтык митинги өтүүдө

Ош шаарынын борбордук аянтында эки тынчтык митинги өтүүдө. Бири 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиргендер болсо, экинчи тарапта элди тынчтык менен сабырдуулукка чакыргандар жана Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн келгендер турушат. 

Тынчтык митингиндеги коомдук тартипти күч түзүмдөрү көзөмөлдөп турат. Айрым учурларда эл алдына чыгып сөз сүйлөгүсү келгендер ортосунда пикир келишпестиктер орун алууда. Жалпысынын эки тараптагы митингде тең олуттуу тартип бузуу катталган жок.