Жаңылыктар
Абактагы саясатчылар эркиндикке чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Абактагы саясатчылар эркиндикке чыгышты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде камакта жаткан Алмазбек Атамбаев бошотулду. Ошондой эле экс-депутат Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы абактан чыгарылды.

Эске сала кетсек, дүйшөмбүдө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү менен алардын тарапташтары Бишкек шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышкан. Үч сааттан кийин нааразычылык акцияга чыккандар Ак үйдү алып, андан кийин УКМКны көздөй жөнөшкөн.