Жаңылыктар
Облустардагы өкмөт өкүлдөрү кызматтан кетүү арыздарын жазышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Облустардагы өкмөт өкүлдөрү кызматтан кетүү арыздарын жазышууда

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Аталган маалыматты өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы ырастады. 

Ошондой эле өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы малым болду. Бирок азырында өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалыматты тастыктай элек. 

Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганын, анын мындан ары кызматта калуусуна моралдык укугу жок экенин социалдык тармактар аркылуу билдирген.