Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл түндө Жогорку Кеңештин имараты, ак үйдү алышты. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында чогулган эл таза шайлоо өткөрүү зарыл экендигин айтып жатышат.
Адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон кармаш борбордук аянтта түнү менен болду. Кыргызстандын булуң-бурчунан келген өлкө тагдырына кайдыгер эмес жарандар коюу түтүн, каптаган туманга карабай аягына чейин бекем турушту.
Борбордук аянт азыр таштандыдан тазаланып жатат. Ошентсе да чогулган жарандардын аягы сууй элек. Өрттөлгөн унаалар менен күркөлөр түнү менен жалбырттап күйгөн жалындан кабар берет. Бул жерде алоологон от менен бирге ок да атылып жатканын катышуучулар айтышууда.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары жана президенттик администрация отурган ак үй азыр толугу менен жарандардын карамагында. Нааразы болгон калк жетинчи кабатка чейин жетип барды.
Аянтка чыккан элди мындай кадамга жалгыз эле шайлоонун жыйынтыгы түрткөн жок. Алар тамырын кенен жайган жемкорлукка карата көрмөксөн мамилеге чыдабай чыктык деп белгилеп жатышат.