Ак үйдөгү өрт саат 7:49да чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, кырсык болгон жерде 7 өрт өчүрүү бөлүмү иштеп жатат.
Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыккандар түндө парламенттин имаратынын аймагына чейин киришкен.
Белгилей кетсек, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында оппозициялык күчтөрдүн нааразычылык акциясы башталган. Ак үйдүн дарбазасына чабуул жасоо аракетинен кийин милиция менен митингчилер ортосунда кагылышуу болуп, бир нече саатка созулган. Түн ичинде митингчилер "Ак үйгө" кирип келишкен.