Жаңылыктар
Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты болду
Кыргызстан жаңылыктары
Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты болду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкери Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирген. 

Маалым болгондой шаарда элдик кошуундар түзүлүп, Бишкекте азырынча милиция кызматкерлери жок экени айтылат. Ала-Тоо аянтында митинг уланып жатат.