Жаңылыктар
Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу күч түзүмдөрүн тейлөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу күч түзүмдөрүн тейлөөдө

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. 

Маалыматтар боюнча Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айткан. “Өлкөнүн коопсуздугу, коргоо тармагын координация кылып жатам. Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатат. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты милдетин Курсан Асановго жүктөп жатабыз”, - деди Суваналиев.