Аянтка митинтин катышуучулары Чуй проспектисинин жолун жууп басып Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын тосмосун булкуп секирип кирүүгө аракет кылышкан.
Бул аралыкта Ички иштер министрлигин аскерлери атайын каражат колдонуп аларды таркатууга аракет кылды. Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырган болчу. Маалыматка ылайык, акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болорун эскертти.
"Ошондуктан, жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз",- деп айтылат ИИМдин маалыматында.