Жаңылыктар
Бекматов: кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок
Кыргызстан жаңылыктары
Бекматов: кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок

Кайра шайлоо өткөрүш үчүн белгилүү бир себептер болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүчү фактылар болсо гана кайра шайлоо болушу шарт. 

«Добуш берүүнүн жыйынтыгы бузула турган болсо, добуштарды сатып алуу боюнча далилдер болушу керек. Элди автоунаа менен ташуу мыйзамсыз деп саналбайт. 

Кечээ бизге шайлоочуларды ташуу боюнча маалыматтар түштү. Аларды текшергенде аксакалдарды, алыскы айылдардагыларды ташып келишкен болуп чыкты. Ташып келген күндө да шайлоочулар бюллетенди алып, кабинада жалгыз өзү болот. Ага эч ким таасир эте албайт. Бул фактылардын баары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок», - деди ал. Бекматов шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгуу ар бир кыргызстандыктын укугу экенин билдирип, бул митингдеги талаптар да шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болуп бере албай турганын кошумчалады.