Жаңылыктар
Башкы прокуратура: форма №2 арызына байланышкан төрт иш боюнча тергөө жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура: форма №2 арызына байланышкан төрт иш боюнча тергөө жүрүп жатат

Форма №2 арызына байланышкан төрт иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын тергөө жана ыкчам-иликтөө иштерине көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыргал Исмаилов билдирди. 

Маалымат жыйында ага №2 форма боюнча суроо берилип, эл аралык байкоочулар да бир шайлоо тилкесинде №2 форма боюнча катталган шайлоочулардын саны өзүнүн жашаган дареги боюнча катталган шайлоочулардын санынан 1,5 эсе көп болгон учур бар экенин билдиргени айтылды. Исмаиловдун айтымында, №2 форма боюнча 5 кылмыш иши катталган. 

"Төртөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бир иш аныкталбагандыктан, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулган", - деди ал. 

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда 441 миңден ашык жаран шайлоо дарегин алмаштырган.