Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг өтүүдө

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митингде кайрадан чуу чыкты. Трибунада "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда "Чоң Казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. 

Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок. Бир нече убакыттан кийин Жапыкеев кайрадан сөз алып, акцияны токтотпоого чакырды. Бүгүнкү митинг алгач Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын кеңсесинин алдында башталган. Апрель ыңкылабынын курмандыктарына коюлган эстеликтин жанында "Социал-Демократтардын" өкүлдөрү сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгын сындап жатканда "апрелчилербиз" деген топ келип, тоскоолдук жаратышкан. Ушундан улам "социал-демократтар" борбордук аянтта өтүп жаткан башка партиялардын нааразылык акциясына кошулушкан. 

Азыр митинг уланууда. Трибунада сүйлөгөндөр шайлоо өнөктүгү маалында да ар кандай чагымдар болгонун белгилеп, бирин-бири ынтымакка чакырууда. Чогулгандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Бул партиялардын өкүлдөрү митингде шайлоо тыянагына каршы бириккенин митингдин башталышында дагы бир жолу жарыялашкан. Алар башка партияларды да өздөрүнө кошулууга чакырышты. 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жараянды таза өткөрүүгө бардык шарт түзүлгөнүн билдирген.