Жаңылыктар
Салык кызматы 26 миң бөтөлкөдөн ашык лицензиясыз алкоголь тартып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы 26 миң бөтөлкөдөн ашык лицензиясыз алкоголь тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй жана Баткен облустарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү документсиз сатуу максатында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо фактыларын аныкташты.

Жалпысынан ар кандай идиштеги жана аталыштагы 26 миң 369 бөтөлкө алкоголдук ичимдик тартып алынды. Анын ичинен Баткен шаарындагы кампалардын биринен 16 миң 682 бөтөлкө, Ысык-Ата районунан 9 миң 687 бөтөлкө.

Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.