5-октябрь - Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул күн 2014-жылдын 24-октябрында өкмөттүн токтомунун негизинде кабыл алынган.
Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө - өсүп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин маанилүү ролун таанып, салттын уланмалуулугун камсыз кылуу жана өкмөттүн чечимдерин эл аралык укуктук ченемдерге ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.