Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салган шериктеш мамлекеттердин байкоочулары 5-октябрда өз баасын беришти. КМШ байкоочулары "бардык партияларга шайлоо өнөктүгүн өткөрүү үчүн үгүт учурунда бирдей шарт түзүлүп берилди. Маалымат каражаттары аркылуу программаларын тааныштырууга бирдей мүмкүнчүлүк алышты" деп билдиришти.
КМШ Байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Глуминскийдин пикиринде: "БШК өткөн айда эки партияны: "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партияларын шайлоого талапкер катары катышуудан четтетип салган. Кийин алар соттон жеңип алып, бул жолку шайлоо өнөктүгүндө дагы жеңишке жетишкени өлкөдө шайлоо калыс жана таза өткөнүн көрсөтүп турат" - деп айтты.
Шайлоо процесси автоматтык саноо системасы аркылуу өткөнү - анын таза өтүшүнө шарт түздү дешти. Байкоочулар миссиясы шайлоодогу мүчүлүштүктөр тууралуу айтканда добуш берүүчүлөрдүн дарегин алмаштырган учурду мисал келтирди. Миссия буга байланыштуу сунуштарын Боршайкомго бермекчи. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мыйзамдарга ылайык, ачык жана таза өткөнүн Парламент аралык ассамблеянын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Мухтар Ирман да кошумчалады.