Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоочулардын добуш берүү активдүүлүгү жөнүндө маалыматты жарыялады.
Жалпысынан тизмеге 3 миллион 523 миң 554 адам киргизилген. Бирок, добуш берүүгө катышкан жалпы шайлоочулар болгону 56,2 пайызды түзгөн. Тагыраагы шайлоодо бир миллион 980 миң 240 жаран добуш берген.
Эң жогорку активдүүлүк Ош шаарында катталып, шайлоочулардын 68,3 пайызы добуш берсе, Бишкекте 55,15% Жалал-Абадда 57,85%, Ысык-Көлдө 52,36%, Нарында- 55,56%, Ош облусунда 58,45%, Таласта 59,41%, Чүйдө 54,72%, Баткенде 50,34%, ал эми чет мамлекеттерде 26,74 % жаран добуш берген.